Медицинада энтропияны мониторингдөө

МОХАММАД О., АМАНБАЕВА Г.М.

Негизги сөздөр:

ЭНТРОПИЯ, ЭНТРОПИЯНЫ МОНИТОРИНГДӨӨ, ЭЭГ, ЭКГ, ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

Аннотация:

Энтропия - бул физиканын негизги түшүнүгү, байланыш теориясында жана башка тармактарда аналогдору бар. Биз энтропияны медициналык изилдөөлөрдө колдонуу маселесин карайбыз. Энтропияны өлчөө башка физиологиялык параметрлерге кошумча катары колдонулат. Гемодинамикалык өлчөө жана NMT сыяктуу башка мониторинг параметрлери менен кошо колдонуу менен пациенттин абалынын толук сүрөтүн алууга болот. Энтропия - бул сигналдагы кандайдыр бир нерегулярдуулуктун ченеми. Энтропия модулу бул өзгөрүүлөрдү өлчөп, ЭЭГ жана ФЭМГ сигналдарынын нерегулярдуулугун сандык жактан баалайт. Энтропия боюнча нускамаларга ылайык анестетиктерди титрлөө пациенттин абалы жана дарылоо планынын контекстинде жүргүзүлүшү керек. Бул макалада биз энтропияны медициналык изилдөөлөрдө колдонуу маселесин сүрөттөйбүз.