Адам организминдеги энтропиянын өсүшү

ВАИБХАВ В.Р., АМАНБАЕВА Г.М.

Негизги сөздөр:

ЭНТРОПИЯ, ТЕҢСЕЛБЕГЕН ТЕРМОДИНАМИКА, ДИССИПАТИВДИК СИСТЕМА, БИОЛОГИЯЛЫК СИСТЕМА

Аннотация:

Акыркы жылдардагы алынган жыйынтыктарды эске алуу менен, физикалык илимдер үчүн алгач иштелип чыккан кээ бир татаал динамика аспаптары биологиялык системаларды изилдөө үчүн ылайыктуу экени көрүнүп турат. Биз анатомиялык аппараттын тартиби же татаалдыгынын деңгээлин карап, энтропия болуп саналган физикалык чен өлчөмүн өлчөө менен, ден соолуктун абалын же тескерисинче биологиялык системанын морттугун баалай алабыз деп эсептейбиз. Термодинамиканын экинчи мыйзамы, атап айтканда энтропия, эң коркунучтуу оорулардын ар кандай этаптарын аныктоо үчүн колдонулушу мүмкүн. Көптөгөн мыйзамдар пациенттердин патологиялык абалын термодинамикалык теңдемелердин негизинде талдоого болорун далилдейт.