ХИМИЯЛЫК ПЛЕВРОДЕЗ БЕТАДИН ЖАНА ГЛЮКОЗАНЫ КОЛДОНУУ МЕНЕН ТУРУКТУУ БӨЙРӨК ООРУСУ БАР БЕЙТАПТАРДА ТРАНССУДАТИВДҮҮ ПЛЕВРАЛЫК ЭКССУДАТЫНЫН ДАРЫЛООСУНДА

Эгай А.А, Бебезов В.Х, Казкбаев А.Т, Тентимишев А.Э, Фейгин А.М.

Негизги сөздөр:

ПЛЕВРАЛЫК ЭКССУДАТ, БЕТАДИН, ХИМИЯЛЫК ПЛЕВРОДЕЗ, ТУРУКТУУ БӨЙРӨК ООРУСУ

Кыскача мазмуну:

Плевралык экссудат (ПЭ) - бул ар кандай факторлордун таасири астында плевра көңдөйүндө суюктуктун топтолушу жана 80ден ашуун ар түрдүү оорулардын белгиси болуп саналат. Диагностикалык чара катары, ПЭнин экссудатка жана транссудатка бөлүнүшү негизги болуп саналат. Экспсудативдүү плевралык экссудат плевра көңдөйүндөгү сезгенүү процессинин көрүнүшү болсо, транссудативдүү ПЭ дененин системалуу бузулууларынын натыйжасы болуп саналат. Транссудативдүү ПЭ көбүнчө жүрөк жетишсиздиги, боор жана бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарда, айрыкча алардын акыркы стадияларында, бейтаптын абалынын декомпенсациясынын көрсөткүчү катары кездешет. ПЭни эвакуациялоо менен жүргүзүлгөн торакоцентез процедуралары дем алуу кыйынчылыгын жеңилдетүүнүн эффективдүү жолу болуп саналат, анткени чоң көлөмдөгү суюктук респиратордук жетишсиздик белгилерин пайда кылып, бул категориядагы бейтаптардын оор абалын ого бетер оорлотот. Химиялык плевродез (ХП) - бул плевра катмарларын атайын күйгүзүп, андан ары бириктирүү максатында жүргүзүлүүчү процедура...