ПЛАЗМАНЫН ЛИПИДДИК СИСТЕМАСЫНЫН АДАПТИВДҮҮ СТРАТЕГИЯЛАРЫН ДИФФЕРЕНЦИАЛДЫК ЭНТРОПИЯ МОДЕЛДӨӨСҮ МЕНЕН БАҢГЫЛОО

ЧОНКОЕВА А.А, МУХАМЕДОВА И.П.

Негизги сөздөр:

ДИФФЕРЕНЦИАЛДЫК ЭНТРОПИЯ, АДАПТАЦИЯ, ПЛАЗМАНЫН ЛИПОПРОТЕИНДЕРИ, ЧЕТ ЭЛДИК СТУДЕНТТЕР

Аннотация:

Кандын липиддик системасы - бул динамикалык ачык термодинамикалык стохастикалык система, ал төмөнкү компоненттерди камтыйт: триацилглицериддерди, холестеринди жана анын эфирлерин камтыган липопротеиндер, алардын абалын энтропия мааниси менен сүрөттөп, бүт система катары мүнөздөөгө болот. Изилдөөнүн максаты - липиддик системанын жана анын компоненттеринин стационардык жана динамикалык адаптациясы, ошондой эле стресс жана дезадаптивдик абалдарды диагностикалоо үчүн дифференциалдык энтропия математикалык моделдештирүүнү колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароо. Материалдар жана методдор. Макалада 2004-жылдан эрте жарыяланган 18 орус жана 3 англис тилдүү журнал макалалары, 3 диссертация, 10 улуттук статистикалык булактар жана профилдер, 5 китеп анализденген. Натыйжалар. Изилдөөгө Кыргызстандын медициналык университеттеринин 120 студенти (60 жергиликтүү жана 60 чет элдик студенттер) катышты. Контрольдук топту тийиштүү жаштагы жана жыныстагы дени сак адамдардын жалпы популяциясынын көрсөткүчтөрү түздү. Талдаоо үчүн липиддик системанын лабораториялык аныкталган параметрлери тандалып алынды - триацилглицериддер (TG), жогорку тыгыздыктагы липопротеиндер (HDL), жалпы холестерин (TC), ал эми төмөн тыгыздыктагы липопротеиндер (LDL) анализден чыгарылды, анткени алар Фридвальддын формуласы боюнча TC, TG жана HDL көрсөткүчтөрүнүн негизинде эсептөө ыкмасы менен аныкталат. Студенттердин липиддик системасынын индивидуалдуу адаптация стратегиясын баалоо үчүн О.М. Гергет (2011) жана О.Г. Берестнева (2014) изилдөөлөрүндө көрсөтүлгөн энтропия математикалык моделдештирүү ыкмалары колдонулган. TG, TC жана HDL маанилеринин нормадан (контрольдук топтун математикалык күтүүсүнүн маанисинен жана уруксат берилген стандарттык четтөөдө) четтөө даражасын эсептөө үчүн интегралдык критерийлер колдонулган. Жыйынтыктар. Липиддик системанын адаптивдик стратегияларын идентификациялоо алгоритми адаптивдик жүрүм-турумдун төрт негизги абалын диагностикалоо үчүн келтирилген: адаптивдик (нормалдуу), компенсацияланган (бир аз чыңалган), декомпенсацияланган (чыңалган) жана дезадаптивдик (ашыкча чыңалган). Аныкталган стратегиялардын салыштырмалуу анализи чет элдик студенттердин липиддик системасынын адаптивдик жүрүм-туруму жергиликтүү студенттерге караганда чыңалуу көп экенин көрсөткөн. Талдаоо липиддик системанын адаптивдик стратегияларында этникалык өзгөчөлүктү тастыктаган жок, бирок эки этникалык топто эркектер менен аялдардын липиддик системасынын компоненттеринин адаптивдик жоопторунун ортосунда кичинекей айырмачылыктарды тастыктады. Маалыматтар плазманын липиддик системасынын физиологиялык кайра түзүлүү механизмдери ар кандай этникалык топтор үчүн жалпы, бирок жыныстык топтор үчүн өзгөчө экенин тастыктайт.