Эки тараптуу полисегментардык вирус пневмониясынын (COVID-19) фонунда Бенталл де Боно операциясы: практикадан учур

АХМЕД С., БЕБЕЗОВ И.Х., ДЖУНДУБАЕВ М.К., РАКИМБАЕВ А.А., ТУРГУНОВ А.К., ТОКТОСУНОВА Д.Б., АХМЕДОВА И.А., КАЛИЕВА Р.С., СЕЙТАХУНОВА Е.Д.

Ачкыч сөздөр:
вирус пневмониясы, аорта аневризмасы, көп катмардуу компьютердик томография (МКТ)

Аннотация:
Коронавирус-2, катуу курч респиратордук синдромду (SARS-CoV-2) чакырган, биринчи жолу 2019-жылдын декабрында сүрөттөлүп, тез арада дүйнө жүзү боюнча жайылып, көптөгөн өлкөлөрдө медициналык кызмат көрсөтүүдө олуттуу бузулууларды жаратты. Кардихирургиялык операциялардын көлөмү да төсек ресурстарын кайра бөлүштүрүүнүн натыйжасында олуттуу өзгөрүүлөргө учурады. Колдонулган чаралар коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооруган бейтаптарды дарылоодо пайдалуу болгону менен, жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптар үчүн кардиохирургиялык операцияларды кечиктирүүнүн кесепеттерин эске алуу керек. Бул бейтаптарда негизги оорунун прогрессирлөөсү күтүлүүдө, бул өз кезегинде шашылыш кардиохирургиялык операцияга муктаж бейтаптардын санынын өсүшүнө алып келет. Макалада эки тараптуу полисегментардык вирус пневмониясынын (COVID-19) фонунда аортанын тамырындагы аневризманы экстренно операция кылган учур сүрөттөлөт.