КЫРГЫЗСТАНДАГЫ СҮТ БЕЗИНИН РАКЫНАН ӨЛҮМДҮҮЛҮКТҮН БАҢЫ

ЧОКОЕВ А.Л., ИГИСИНОВ Н.С.

Негизги сөздөр:

СҮТ БЕЗИНИН РАКЫ, ӨЛҮМДҮҮЛҮК, ТЕНДЕНЦИЯЛАР, КЫРГЫЗСТАН

Аннотация:

Эл аралык рак изилдөө агенттигинин маалыматы боюнча, 2040-жылы сүт безинин рагы (СБР) боюнча болжол менен 3 миллион жаңы учур катталат, ал эми бул патологиядан болжол менен 1 миллион аял өлөт деп күтүлүүдө. Изилдөөнүн максаты: 2003-2017-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында (КР) сүт безинин рагынан (СБР) өлүм көрсөткүчтөрүн баалоо. Материалдар жана изилдөө ыкмалары. Материал болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин сүт безинин рагынан (МКБ 10 - C50) өлүмгө байланыштуу маалыматы кызмат кылган. Негизги ыкма 2003-2017-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн ретроспективдик изилдөө болуп, биомедициналык статистиканын сүрөттөө жана аналитикалык ыкмалары колдонулган. Натыйжалар жана талкуу. 2003-2017-жылдар аралыгында КРде СБРден 3 502 өлүм учур катталган, өлгөндөрдүн орточо курагы 58,7±0,4 (95% ДИ=58,0-59,4) болгон. СБРден орточо жылдык өлүм көрсөткүчү 100 000ге 8,4±0,2 (95% ДИ=8,0-8,8), ал эми стандартизацияланган көрсөткүч - 100 000ге 11,0±0,4 (95% ДИ=10,3-11,7) түзгөн жана алардын тенденциялары төмөндөгөн: Тdecline=-0,7% жана Тdecline=-1,9%. Курактык өлүм көрсөткүчтөрү бир модалуу өсүүнү көрсөтүп, 70 жаш жана андан улуу курактык топто чокусу 100 000ге 50,5±2,4 (95% ДИ=45,9-55,2) болгон. Курактык тенденциялар ар башка болгон.

Жыйынтык. Өлүм көрсөткүчтөрүн талдоонун натыйжалары республикадагы ракка каршы чараларды мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн эске алынышы керек.