СҮЙЛӨӨ ЖЕТИЛҮҮСҮНҮН КЕЧИГҮҮСҮ МЕНЕН ООРУГАН БАЛДАРДЫ РЕАБИЛИТАЦИЯЛОО СИСТЕМАСЫНДА ЭРТЕ АРАКЕТ КЫЛУУ

АРЫКПАЕВА Ч.С., АТЫКАНОВ А.О.

Негизги сөздөр:

БАЛДАР, ЭРТЕ АРАКЕТ КЫЛУУ, СҮЙЛӨӨНҮН КЕЧИГҮҮСҮ, РЕАБИЛИТАЦИЯ

Аннотация:

Макалада балдардын жана үй-бүлөнүн адистештирилген реабилитация борборунда сүйлөө өнүгүүсүнүн кечигүүсү менен жабыркаган 26 баланы реабилитациялоодо эрте аракет кылуунун натыйжалары көрсөтүлөт. Жүргүзүлгөн чаралар 50% балдардын сүйлөө жөндөмүнүн пайда болушуна, 19,2% балдардын сөздөрдү айтуу жана туура айтуу, ошондой эле сүйлөөнү түшүнүү жөндөмдөрүнүн пайда болушуна шарт түзгөнү көрсөтүлгөн. Натыйжада, 38,4% балдар балдар бакчаларына, мектепке чейинки мекемелерге бара башташты жана 15,4% балдар балдар коллективине социалдаштырылган.